Текст песня ойлодун бекен

Обновлено: 04.10.2024

Башкага көңүл бурулбай,
Бал уйкум качат куюндай.
Отурам жалгыз сени ойлоп,
Отурам карек жумулбай.

Атканы калды таң дагы,
А бирок уйкум канбады.
Ойлодуң бекен мага окшоп,
Ойлодуң бекен сен дагы?

Күндөрүм мезгил камчылап,
Билинбей өттү канча убак?
Үмүтүм менин жанымда,
Үлбүлдөйт жалгыз шам чырак.

Муз беле сенин жүрөгүң?
Муңканып ыйлап жүрөмүн.
Мурдатан неге айтпадың,
Сүйгөнү белең бирөөнүн?

Читайте также: