Доке текст песни улан осмон

Обновлено: 18.09.2024

Жарты нанымды, бөлөөрүм доке.
Мен үчүн канын төгөөрүм доке..
Жаштыкка салып жүргөнбүз доске.
Жаңылсам жолдон сөгөөрүм доке.
Баскан жолумду көрөөрүм доке.
Байкаткан сыйдын көлөмүн доке.
Аманат келсе өңөрүп бир күн.
Өмүрүм болсо көмөөрүм доке.

Досундун досу болот дейт доке.
Доор сүргөн өмүр толот дейт доке
Ынтымак болсо ортодо доке.
Мааниси сөздүн оңот дейт доке.
Душманың келсе жашынган дос бар.
Дубалдай бекем басылган дос бар,
Көөдөнү көзгө ачылган дос бар
Сыр бойдон сага катылган дос бар.

Антташкан дос бар, касташкан дос бар.
Катташкан дос бар такташкан дос бар.
Эшиктен кирсе макташкан дос бар
Эшике чыкса жатташкан дос бар.
Сыйласа коюн соёт дейт доке.
Таарыныч болсо жоёт дейт доке.
Акырет күнү кыйналып турса.
Сен үчүн сообун коёт дейт доке…

Читайте также: