Жан эркем текст песни

Обновлено: 19.09.2024


Жүктөлгөн: 17-10-2013 Жанр: Эстрада
  • Currently 5.00/5


Ай чыкканда балбылдап,
Айды көрсөм сени көрүп тиктей берем жалдырап.
Айдан табам элесиңди,
Айдан түшүп келесиңби?
Келесинби, келесиңби, келесиңби, жан эркем?
Келесиңби деги сен?

Суу жээгинен кучактап,
Сууну көрсөм сени көрүп тиктей берем кылчактап.
Суудан табам элесиңди,
Суудан чыгып келесиңби,
Келесиңби, келесиңби, келесиңби, жан эркем?
Келесиңби деги сен?

Аскадагы уларым,
Көрдүңөрбү, билдиңерби арчадагы булагым?
Кырдан издейм элесиңди,
Кырдан түшүп келесиңби?
Келесиңби, келесиңби, келесиңби, жан эркем?
Келесиңби деги сен?

Жылдыз болуп койнума,
Күлүп келчи, эркелетчи колуң коюп мойнума.
Жүрөк какшайт, не кылайын?
Кара көзүм, кагылайын,
Ананайын, ананайын, ананайын жан эркем,
Ананайын жан эркем.
Келесиңби, жан эркем?

Читайте также: