Текст песни жарты кайык

Обновлено: 19.09.2024

Оо турмуш, мыйзамыңа каныктырдың,
Жолумду жабык кылдың, жарык кылдың.
Дардаңдап дос, жар күттүм деген менен,
Дагы эле жалгыз бойдон калыптырмын.

Багыты жок жарты кайык,
Баратам турмуш жүгүн артып алып.

Жашоону ким бар дейсиң түшүндүргөн,
Жалгыздык жанга батып үшүп жүрөм.
Жан дүйнөм жылуулукка муктаж болуп,
Мээримди мен өзүңдөн күтүп жүрөм.

Багыты жок жарты кайык,
Баратам турмуш жүгүн артып алып.

Аттиң ай, көңүлдү эзет жан арманым,
Ар дайым мээрим издеп карайладым.
Күнүнө күмүш таптып, бирок аттиң,
Көксөгөн жылуулукту таба албадым.

Багыты жок жарты кайык,
Баратам турмуш жүгүн артып алып.

Карытып пайдасы жок ай, жылдарды,
Калдактап кайран өмүр калбырланды.
Каалгыйт айланамда боппоз туман,
Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы…

Читайте также: