Текст песни аселдейим бек борбиев

Обновлено: 19.09.2024

Татымың тоонун балы, Аселдейим,
Сүйөмүн, балким, алыс сезилбейин.
Арзуумду аягандай туюлармын,
Ичимден канча сага эзилбейин.

Кайырма:
Эзилбейин, эзилбейин, Аселдейим,
Тоо булагы аккандай,
Алма бүчүр ачкандай,
Айга Чолпон жаккандай,
Мен сени сүйөм.
Жаздын таңы аткандай,
Булбул гүлүн тапкандай.

Жыпарың тоонун балы, Аселдейим,
Түшүнүп, ишен, башка эмне дейин?
Түбөлүк эриш–аркак бололу бир,
Жоготуп такыр сени издебейин,
Издебейин, издебейин, Аселдейим.
Кайырма:

Читайте также: