Сен дегенде текст песни

Обновлено: 19.09.2024

Сен дегенде сен дегеним сен деген,
Сенден бөлөк көрбөгөнүм көрбөгөн.
Сен дегенде чарчабады жүрөгүм,
Сен деп жүрүп мен ай,
Сен деп жүрүп мен ай,
Сен деп жүрүп мен түгөнөт өңдөнөм.


Сени ойлосом ойлогонум ойлогон,
Сени ойлонбой койбогонум, койбогон.
Сен дегенде секетим деп ичимден,
Сезимдердин тойбой,
Сезимдердин тойбой,
Сезимдердин тойбогону тойбогон.

Сен дегенде кыялдарым кыялдай,
Кыйналамын кыялдарды тыя албай.
Сенден мага жалгыз гана сөз керек,
"Сендикмин" деп шыбыр,
"Сендикмин" деп шыбыр,
"Сендикмин" деп шыбырап кой уялбай.

Читайте также: