Самара каримова менин атам текст песни

Обновлено: 19.09.2024

Алладан кийинки чеберим, жан ата жан жүрөгүм.
Санаамдын күч кубат демисиң, сүрөөнсүң тирегим.
Калтырбас аязга, ызгаарга, таянар тоо аскарым.
Жан атам, жанымда сиз барда жапжарык ар таңым.

Кайырма:
Ар качанда бийик көрөмүн мен башкадан.
Менин атам, менин атам, эң жакшы адам,
Менин атам, менин атам, эң жакшы адам.

Ыр менен кабыл ал даанышманым,
Кызыңдын сый-урматын.
Атакем айкөлүм, асылым, эң мыкты устатым.
Эңсейт да кызына ар ата, элде жок бак орношун,
Мен үчүн, жан ата, бийиктик өзүңдөй болгону.

Кайырма:
Ар качанда бийик көрөмүн мен башкадан.
Менин атам, менин атам, эң жакшы адам,
Менин атам, менин атам, эң жакшы адам.

Читайте также: