Мен сени ошондо сагынганда текст песни

Обновлено: 19.09.2024

Искеймин алма гүлдөр шактарынан,
Издеймин Алыкулдун саптарынан.
Жазылсын кусалыгым күлүп койчу,
Жарк этип жылдыздардын катарынан.

Кайырма:
Мажүрүм чачтарын таранганда,
Жашылдан жоолугун салынганда.
Карекке көз жаштан мончок тагып,
Мен сени ошондо сагынгам да,
Мен сени ошондо, мен сени ошондо,
Мен сени ошондо сагынгам да.

Табышмак табигаттын сырларында,
Жаңырып Асанкалый ырларында.
Жанбиргем жан дүйнөмө кирип келчи,
Төгүлүп эрте жаздын жамгырындай.

Читайте также: