Жолболду алыбаев чолпонум текст песни

Обновлено: 18.05.2024

"Чолпонум" деп ат коюп
Чоң казалды баштадым.
Аялзаттан сенчелик
Ашкан сулуу таппадым.
Күлкүң кетпей оюмдан
Күндүз сенсиз баспадым.
Түшкө кирип азгырып
Түнү сенсиз жатпадым.
Сугум артып башкага
Сүйүү отун жакпадым.
Түнү күндөй, күнү айдай
Түңүлбөдүм, батпадым.
Бир өзүң жок түнөргөн
Булут болду асманым.
Бийлиги өтпөй жүрөккө да
Бир өзүңдөн башканын.

Бирибиз тоо, бирибиз түз болдук го, Чолпонум.
Бирибиз жаз, бирибиз күз болдук го, Чолпонум.
Бирибиз жай, бирибиз кыш болдук го, Чолпонум.
Бирибиз чөл, бирибиз сыз болдук го, Чолпонум.
Бирибиз кант, бирибиз туз болдук го, Чолпонум.
Бир бутакка коно албай, Бир уяда боло албай.
Күкүк менен зейнептей
Куш болдук го, Чолпонум.
Куурап калган тардырга
Биз туш болдук го, Чолпонум.

Каныкейдей кадырлап
Барктап өтөм дечү элең.
Алтын чынар теректей
Шактап өтөм дечү элең.
Айчүрөктөй актыгың
Сактап өтөм дечү элең.
Жаралансаң ок тийип,
Аттап өтөм дечү элең.
Алыс кетсең
Санаага түшүп жүрөм дечү элең.
Кенжесиндей Төштүктүн
Күтүп жүрөм дечү элең.
Күмөн ойду көңүлгө Жармаштырбайм дечү элең.
Күмүшүндөй Жаныштын да Алмаштырбайм дечү элең.

Жолугушчу ар качан жерден күтөм, Чолпонум,
Бетегеси буралган белден күтөм, Чолпонум.
Жаздын күнү жолукчу жайдан күтөм, Чолпонум,
Агын суусу шар аккан сайдан күтөм, Чолпонум.
Күздүн күнү жолукчу түздөн күтөм, Чолпонум,
Кыштын күнү жолукчу, үйдөн күтөм, Чолпонум.
Баягыдай дагы эле жолдон күтөм, Чолпонум,
Батыш, чыгыш, оң бетинде, солдон күтөм, Чолпонум.
Күтүп жүрөм, Чолпонум,
Күтө берем, ий, Чолпонум.

Читайте также: