Тологон мамыров суунун боюнда текст песни

Обновлено: 05.07.2024







№871 11-июль - 17-июль, 2019-жыл


Учурда суунун боюнда отурган кыздарга ашык болгон толмочунан келген жигит көңүлүңүздү буруп жатабы? Анда ошол жигит менен таанышып алыңыз. Табышмактуу болууну жактырган өнөр адамы Төлөгөн Мамыров алдыңыздарда.

Туулган жери – Ош облусу, Ноокат району, Борбаш айылы

Билими – Ош мамлекеттик Ниязалы Борошов атындагы музыкалык училищесинде, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында окуган

Жактырганы – Талаа жумуштары менен алек болуу

Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

Учурда – Ырчы, актёр

– Саламатсызбы, Төлөгөн? Жашыңызды 2 ирет сурасам дагы айтпай койдуңуз. Ал сырбы?

– Өзүм табышмактуу жүргөндү жакшы көрөм. Анын үстүнө, азырынча жашымды айтпай турууну чечкем.

– Табышмактуу жигит кайдан жүрүп ырчылыкка аралашып калды?

– Атам комуздан сабак берген мугалим, жаш таланттарды тарбиялайт. Аларга кошуп мага да комуз черткенди үйрөткөн. Өзүм эс тарткандан бери атамды көрүп, ага суктанып чоңойдум. Кийин улуу инсандар, обончулар Асанкалый Керимбаев, Рыспай Абдыкадыров сыяктуу аталарыбыздын ырларын аткарып жүрүп өстүм. Бул жолдо атамдын жардамы эбегейсиз. Ал менин тарбиям эле эмес, ырдаганыма, баскан-турганыма, сүйлөгөн сөзүмө, баарына көз салып, кеңеш берет.

– Анда мектептеги иш-чараларды көркүнө чыгарчу болушуңуз керек?

– Ооба, мектептеги иш-чаралар менсиз өтчү эмес. Айыл өкмөттө же райондогу сынактарга катышып, байгелүү орундарды алып, бул чөйрөгө кызыгуум арткан.

– Аккордеондо, комузда кол ойноторуңузду билип калдык. Дагы кайсы аспаптарда ойнойсуз?

– Профессионалдык деңгээлде деп айта албайм. Бирок азыр 14 аспапта кол ойнотом. Алар жел кыяк, кыл кыяк, комуз, ооз комуз, чопо чоор, сыбызгы, флейта, блок флейта, гитара, синтезатор жана башкалар.


– Азаматсыз! Азыр «Суунун боюнда» аттуу ырыңыз жакшы кабыл алынып жатат. Ошол ыр жана клип тууралуу качан сурайт деп окурман дагы кызыгып жатса керек.

– Бул ырды 1975-жылы Алтынбек Алмазбеков деген агай мектепте иштеп жүргөн учурунда жазган экен. Ошол жылдары ыр популярдуу болгон. Азыр издеп көрсөм, «Кыргыз радиосунун» алтын фондунда да бар экен. Ырды ырдап чыгууну Данияр Эрматов агабыз сунуштап калды. Анан авторду таап, уруксат алып ырдап чыктым. Авторду дайым айтып жүрөм. Ал эми казак ырчылары кайдан алып ырдап алышканын билбейм. Алар автордон ырды сурашкан эмес экен. Байкашымча, YouTube`дан алышкан. Азыр мени «казактардын ырын которуп алгансың» деп сындап жатышпайбы. Андай эмес. Сөзү да, обону да кыргыздыкы.

Ал эми клип тартууда элдин пикирин билгим келип, клиптин идеясына сынак жарыялаганбыз. Сынагыбызда исфаналык жигит жеңип, ошол баланын идеясы менен тарттык. Клипти эл «токчулуктун белгиси болгон балдар экен» деп жылмаюу менен кабыл алышты.

– Тойлорго чакыруулар түшүп жатабы? Кайсы ырды көп суранышат?

– Ооба, тойго, ар кандай иш-чараларга чакырып турушат. Асанкалый Керимбаев, Рыспай Абдыкадыров, Жолдошбек Мамажанов, Чубак Сатаев сыяктуу эл сүйгөн обончулардын ырларын аткарам. Азыр көбүнчө «Суунун боюнданы» сурап жатышат. Өзүм да автордук чыгармаларды жазып баштадым. Бирок жарыкка чыга элек.

– Көчөдөн тааныгандар болуп жатабы?

– Бар. Сөөмөйү менен көрсөтүп калышат. Жагымдуу, албетте. Бирок уялып кетем.

– Тасмаларда, клиптерде да роль жаратып жүрөсүз. Актёрдук өнөр да кичинеңизден эле байкала баштаганбы?

– Жок, аны кийин эле досторум байкап калды. Учурда жалпы 15 клип, 4 тасмада роль жараттым.

– Шайыр адам экенсиз. Куудулдук өнөрүңүздү да байкап көрдүңүз беле?

– Аракет кылып көрдүм. Майнап чыккан жок.

– Чыгармачылыкта кайсы мыктынын деңгээлине жеткиңиз келет?

– Ырдын пири аталган Рыспай Абдыкадыровдун деңгээлине жетсем деген ниетим бар. Бул оңой нерсе эмес.

– Ниетиңиз ишке ашсын! Ишиңизге ийгилик!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..

Читайте также: