Текст песни жан сырым

Обновлено: 04.10.2024

Жан сырымды ачкан жок элем,
Жан кишиге айткан жок элем.
Адамзатта беш кол тең эмес,
Абайлай көр, жаным, шок элең.
Азыр бизде беш кол тең эмес,
Абайлай көр, жаным, шок элең.

Көрүштүк деп айта көрбөгүн,
Өбүштүк деп айта көрбөгүн.
Бузуку көп, сак бол, берекем,
Бузуп жүргөн бизге өңдөрүн.

Көчө сөзүн ташып, кымбатым,
Көрүнгөндөр ушак кылбасын.
Көрө албастар тузак тартышып,
Көз алдымда шагың сынбасын.

Бөлүп, бөлүп жашым төкпөйүн,
Боздой өңүп, куурап өчпөйүн.
Бөлөктөрдөн кыздын жолу кырс,
Бөөдө кырсык салып өтпөйүн.

Читайте также: