Текст песни жакшы соз айтчы мага

Обновлено: 19.09.2024

Кара көз, асылзатым,
Кашымда жүрчү жакын.
Карааның издеп келем,
Кайталап улам атың.

[Кайырма]
Жаркылдап кашты кага,
Жакшы сөз айтчы мага.
Жүз жылга жашоочудай,
Жүрөккө тапчы даба.
Жароокер, жарпым жазчы,
Жан дүйнөм тарткан санаа,
Жарыгың чаччы кана,
Жакшы сөз айтчы мага.

Жарыгым, жакшынам, эй,
Таалайым, татынам, эй.
Карегиң тик кароого,
Кантип мен батынам, эй?

Топ балдар бара жатса,
Көрүнбөйт сенден башка.
Бакытым өзүң болуп,
Багындым махабатка.

Жароокер, жарпым жазчы,
Жан дүйнөм тарткан санаа.
Жарыгың чаччы кана,
Жакшы сөз айтчы мага.
Жарыгың чаччы кана,
Жакшы сөз айтчы мага.
Жакшы сөз айтчы мага.

Читайте также: