Текст песни сени суйом айталбадым озуно

Обновлено: 15.05.2024

Жылдыздай жанып келген,
Жаркыган жарык белен,
Жылмайган жылуу жүзүн,
Жүрөкту эзип келген.
Жанымда оттой жанып,
Жылуулук берген элен,
Жан дүйнөм сыздап жатты,
Кызарып күнүм батты.

Жаш жүрөк жараланып,
Сезилбей тандар атты,
Жалындап ырлар жазып,
Караймын сен тарапты.
Караймын сен тарапты,
Сезилбей мен ичимден,
Сүйөм деп кайталадым,
Сага арнап ырлар жаздым,
Аны да байкабадын.

Кайырма:

Сүйүсүн мен албадым,
Сени деп канчалардын,
Сагынып сени күндө,
Атынды кайталадым.
Саргайдым жалбырактай,
Күздөгу бак дарактын,
Сен менен бактылуумун деп,
Аттин ай айталбадым,
Аттин ай айталбадым.

Жүрөктү жарып өттү,
Жанган от жалын өчтү,
Жаш тамып көздөрүндөн,
Жалдырап карайм көктү.
Жаракат ырбап барат,
Жаралат жан жүрөктү,
Жылмайып бакыт кушун,
Кучактап бек кармадым.

Жалындап сени көздөй,
Жолумдан кайталбадым,
Жаным мен бир өзүнө,
Сүйөм деп айталбадым.
Сездирбей мен ичимден,
Сүйөм деп кайталадым,
Сага арнап ырлар жаздым,
Аны да байкабадын.

Читайте также: