Текст песни орун бироо

Обновлено: 17.05.2024

Даректеп таппай жүргөн жолум бирөө,
Таалайга жазган болсоң шорум бирөө.
Кадалып карегимден кетпей койдуң,
Кантейин, жүрөгүмдөн, жүрөгүмдөн орун бирөө.

Ак жибек сизге жайган торум бирөө,
Айтылбай арман кетсе шорум бирөө.
Арзыткан ойлорумду сизге арнайын,
Анткени жүрөгүмдөн, жүрөгүмдөн орун бирөө.

Ак тилек сизге сунган колум бирөө,
Айтылган арман кетсе шорум бирөө.
Сүттөй ак ойлорумду сизге арнайын,
Сүйүүгө жүрөгүмдөн, жүрөгүмдөн орун бирөө.

Өмүрдү өргө тартсам жолум бирөө,
Өчүрсө күйгөн отту шорум бирөө.
Берилип башка адамды сүйө албадым,
Бейкүнөө жүрөгүмдөн, жүрөгүмдөн орун бирөө.

Берилип башка жанды сүйө албадым,
Кантейин, жүрөгүмдөн, жүрөгүмдөн орун бирөө.

Читайте также: