Текст песни келчи жаным келчи

Обновлено: 03.05.2024

Жүзүнө жылдыз тагынган,
Бийчи кыз өттү жанымдан.
Жыпарың эстен тандырган,
Жыттагым келет, тартынам.

Кайрылып өтсөң жанымдан,
Кайышып кетет кабыргам.
Канткенде сага жагынам,
Арзуумду арнайм, татынам.

[Кайырма]
Келчи, жаным, келчи
Чимирилип бийлей берчи.
Келчи, жаным, келчи,
Жүрөгүңдөн орун берчи.
Жүрөгүм да ооруп кетти.

Бийлеп көздү тандырган,
Таттуу карек жамынган.
Ак жибектей ийилген,
Ак куулардын бири сен.

Эмне эле сага ээленем,
Оюмдан кетпей сен деген.
Эселек сезим ээлеген,
Кезикким келет сен менен.

Читайте также: