Сулуулар кайдан жаралат текст песни

Обновлено: 19.09.2024

Мурадил Данияров - Эртең кеч - текст песни

Сыр кылам сыпатыңды жазганымда,
Сызылып карегимден жаш тамууда.
Азыр сен сүйөт дейсиң түбөлүкө,
А бирок эртең балким башкамында, башка мында.

Кайырма:
Күү болуп обонуңда чертилбедим,
Күтүүнү түнөк кылган мейкиндемин
Эртең кеч , балким сени сүйбөй калам
Эгер билсең, бүгүн сенин эркиңдемин.

Ызаадан ыйлап өңдөн азбай анан.
Ырымды сага арнап жазбай калам.
Бактылуу кылып сенче сүйбөсөм да.
Башкага көктөмдөгөн жазга айланам, жазга айланам.

Кайырма:
Күү болуп обонуңда чертилбедим,
Күтүүнү түнөк кылган мейкиндемин
Эртең кеч , балким сени сүйбөй калам
Эгер билсең, бүгүн сенин эркиңдемин.

Анда кеч апкаарыса гүл жүрөгүм ,
Айгине билем дайым сүрдүгөрүм.
Өмүргө башымды ийип акырында,
Өзүңдү унутууга үлгүрөмүн.

Кайырма:
Күү болуп обонуңда чертилбедим,
Күтүүнү түнөк кылган мейкиндемин.
Эртең кеч бирок азыр чексиз сүйөм,
Эгер билсең азыр сенин эркиңдемин!

Мне нравится 224 Мне не нравится 28

Просмотры

278

Мне не нравится 0

ПОДЕЛИТЕСЬ С ДРУЗЬЯМИ

Другие тексты песен этого автора:

Популярные тексты песен

Лучшие тексты песен

Читайте также: