Сезимди алдоо кыйын да гульназ бекбосун кызы текст песни

Обновлено: 19.09.2024

Жамалың толгон жай белең,
Же жайда тийген ай белең?
Жылт этип бир жолу көрүнбөй
Жыйырма жыл мурда кайда элең?

Өмүрдү сүрдүк өмүрдөй,
Өтмөкпүз толук төгүлбөй.
Ойнодуң неге жашынмак?
Отуз жыл мурда көрүнбөй.

Чачыңды кыроо чалганда,
Чак түштөн ооп калганда
Өзөккө ысык өрт салып,
Өзүң да калдың арманда.

Мезгилдер өттү чынында,
Мен айткан сөзгө кыйылба.
Секетим, кечир кантейин,
Сезимди алдоо кыйын да.

Читайте также: