Нурлан насип эки жаш текст песни

Обновлено: 19.09.2024

Бийик болуп Ала-Тоодон бактыңар,
Балдай таттуу сүйүү таптыңар.
Көңүл кушу бири-бирин жактырып,
Кош ак куудай канат кактыңар.
Тагдыр буйруп, ушул күнү баш кошуп,
Той өткөрүп турган чактыңар.
Келиңиздер деп сыйга чакырып,
Конокторго эшик ачтыңар.

[Кайырма]
Жар болгула ата-энени сыйлаган,
Жалпы журттан урмат жыйнаган.
Жашооңорго ынтымакты каалайбыз,
Жан болгула сүйүп, кыйбаган.

Жүрөгүңөр махабат деп кагылсын,
Жүзүңөрдөн бакыт чагылсын.
Куда болуп эки тарап достошуп,
Кубанычтар толкуп агылсын.
Куттуктайлы эки жашты чын дилден,
Коломтоңор өчпөй жагылсын.
Ак сакалдардын батасы тийип,
Алдей үнү үйдө жаңырсын.

Читайте также: