Издейм сени арасынан элдердин текст песни

Обновлено: 04.10.2024

Издейм сени арасынан элдердин,
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин.

Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сен деп, кайгырууга, кайгырууга келгенмин.

Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң?
Мынча мени алоолонтуп ойнодуң?
Балким, ушул зор бактынын өзүдүр,
Өмүр бою, өмүр бою издеттирип,
Бир көрүнбөй, бир көрүнбөй койгонуң.

Читайте также: