Гульназ бекбосун кызы сезим сыры текст песни

Обновлено: 18.09.2024

Тоолордон топ гүлдөрдөй жайнап өскөн,
Токтобос эми бизге кайра көктөм.
Туйлатып жүрөгүмдү эстегенде,
Туптунук он сегиз жаш кайда кеткен?

Жылышып жыл артынан жылдар өткөн,
Жете албай ал күндөргө айлам кеткен.
Жылгадан жылт этет го чиркин жаштар
Жылмайган жыйырма беш жаш кайда кеткен?

От, жалын ай артынан айлар өткөн,
Ойлосом ал күндөрдү айлам кеткен.
Отуз да ордобуздан чиркин жаштар
Ордолуу отуз беш жаш кайда кеткен?
Ойлонтуп отуз беш жаш кайда кеткен?

Кыш же күз, жаз артынан жайлар өткөн,
Кыя албай ал күндөрдү айлам кеткен.
Кылактап кыз-келиндер барат өтүп,
Кыр ашып кырк беш жаш кайда кеткен?
Кылыктуу кырк беш жаш кайда кеткен?

Эми алар башкаларга пайдага өткөн,
Эңсетип эстен чыкпай айла кеткен.
Ээрчитип сезимдерди жетегине
Эр ортон элүү жашым кайда кеткен?

Акырын андан кийин муш келбейби?
Адамзат карылыкка туш келбейби?
Айла жок жай күнүндөй жашообуздун,
Артынан аппак карлуу кыш келбейби?
Артынан ак сакалдуу кыш келбейби?

Мыштадан кышты деле сүйгүм келбейт,
Башымды мен аларга ийгим келбейт.
Тек гана кара баштын камы эмес,
Мен сизди карылыкка кыйгым келбейт.
Эч кимди карылыкка кыйгым келбейт.

Читайте также: