Дил билет текст песни

Обновлено: 07.07.2024

Өлүмдүн кадырын өксүгөн жан билет,
Көңүлдүн кадырын көксөгөн жан билет.
Сүйүүнүн кадырын жетпеген жан билет,
Достуктун кадырын четтеген жан билет.
А бирок атанын кадырын ким билет?
Аттиң, ай, эненин кадырын ким билет?

Күлкүнүн кадырын муңайган жан билет,
Жаштыктын кадырын улгайган жан билет.
Ден соолук кадырын оорукчан жан билет,
Оорунун кадырын боорукер жан билет.
А бирок атанын кадырын ким билет?
Аттиң, ай, эненин кадырын ким билет?

Баланын кадырын балага зар билет,
Жарынын кадырын акылман жар билет.
Бардыгын, бардыгын адамдык дил билет,
Аттиң, ай, ата-эне кадырын ким билет?
Аттиң, ай, ата-эне кадырын ким билет?
Бардыгын, бардыгын адамдык дил билет.

Читайте также: