Чатырда уктап жатканда текст песни

Обновлено: 04.07.2024

Чаткалдын тоосун ашканда мен,
Чар булут каптап асманда.
Чачымдан сылап ойготтуң сен,
Чатырда уктап жатканда.

[Кайырма:]
Жакшы эле көрөм,
Жакшы эле көрөм,
Жакшы эле көрөм өзүңдү.

Көк ойдун тоосун ашканда мен,
Көк булут каптап асманда.
Көкүлүм сылап ойготтуң сен,
Көлөкөлөп уктап жатканда.

Бозойдун тоосун ашканда мен,
Боз булут каптап асманда.
Жүзүмө сылап ойготтуң сен,
Боз үйдө уктап жатканда.

Читайте также: