Булуттар арасынан сени издеймин текст аккорды

Обновлено: 19.09.2024

Кечигип жылдардын бир жылдарында,
Кезикти сүйүү оту кумарыма.
Сезимсиз ачылбаган бул сүйүүмдү,
Сактадым өмүрүмдүн акырына.

Булуттар арасынан сени издеймин,
Буйруксуз бактым экенин мен билбепмин.
Кечиккен бул сүйүүмө ишене албай,
Махабат көлүнө мен чөгүп келдим.

Буйругу бөлөк болуп турса дагы,
Буулугуп сени издейми ай-жылдары.
Тагдырдын тамашасы арсыз тура,
Таалайга жазып койгон бакыт мына.

Эки жаш дарак болуп бийик өссө,
Эгиздей кол кармашып өмүр сүрсө.
Жарашып турса жашы бактысы да,
Эки жаш өтмөк эмес өкүнүчтө.

Читайте также: