Бек борбиев оштук кыздарга текст песни

Обновлено: 19.09.2024


Жүктөлгөн: 17-02-2014 Жанр: Ретро
  • Currently 4.50/5


Жигиттер далай чуркаган мен озуп келгем,
Учуруп турган шамалга төш тосуп келгем.
Көкөлөп учкан асманда сезимдерге,
Имерип бардык эркимди мен кошуп бергем.

Талашып үзүп тоо гүлдөрүн терип келгем,
Жарышып жүрүп каалаганын алып бергем.
Жазылып бүтпөс маңдайга жалгызымсың деп,
Дал ушундай болуп кетерин сезип келгем.

Кайырма:
Оюн-күлкү Шарапат дос каякта, эки көзү таякта,
Кеч кирсе эле чыкпай калдың үйүңдөн.
Аяшыңар саяк да, уруусу анын саяк да,
Саячка, саячка, саячка,
Саячка, саячка, менин, эй, саячкам.

Оролуп турган ойлордон мен ашып кетем,
Оболоп учуп түшүмдөн мен качып кетем.
Ойгонуп калсам чекеңден терди сүрүп, эй,
Кайрылып кайра топ дайрадай ташып кетем.

Азгырып турса алыстарга кезип кетем,
Кыялдап турсам кыялдар менен безип кетем.
Акыры келип акылга көздөрүм ачып
Бактым сенде байланганын сезип кетем

Оюн-күлкү Шарапат дос каякта, эки көзү таякта,
Кеч кирсе эле чыкпай калдың үйүңдөн.
Аяшыңар саяк да, уруусу анын саяк да,
Саячка, саячка, саячка,
Саячка, саячка, менин, эй, саячкам.

Читайте также: