Баркымды билгендердин эсиндемин текст песни

Обновлено: 14.07.2024

Толгонуп толкундаба, сезимдерим,
Тагдырга башымды ийген кезим менин.
Таалайсыз махабаттан өксүбөгөн,
Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин.

Буркурап боздой бербе, сезимдерим,
Базардан кайтып калган кезим менин.
Бааласын-баалабасын башка бирөө,
Баркымды билгендердин эсиндемин.

Кайгырып, капаланба, сезимдерим,
Карайлап жүдөп турган кезим менин.
Кааласын-каалабасын башка бирөө,
Кадырым билгендердин эсиндемин.

Сыйласын-сыйлабасын башка бирөө,
Ырымды билгендердин,
Сырымды билгендердин эсиндемин
Баркымды билгендердин эсиндемин.

Читайте также: