Алмаз шаадаев текст песни

Обновлено: 05.10.2024

Жан дүйнөмдү сага арнадым, жаным,
Жанымдын жыргалы өзүңсүң.
Ак сүйүүмдү сага арнаймын, жаным,
Келсеңчи сагынтпай өзүмдү.


Кайырма:
Сагынып сагынычтан мен кусага батамын,
Жаным деп айткандан тажабайм.
Эңсейм сенин өзүңдү,
Көргүм келет көзүңдү,
Жанды кыйнап жалгыздатат кусалык.

Жанымда турсаңчы жайдары, жаным,
Ачылып көңүлүм кубанат.
Назданасың мээримиң төгүп, жаным,
Ашыгым, арнаймын өзүмдү.

Кайырма:
Ашык болуп сага умтуламын, жаным,
Кабыл алчы, сенден суранам.
Сенсиз жашай албайм, түшүнсөң, жаным,
Арбалып өзүңө тартылам.

Читайте также: