Айпери кулбаева апаке картайбачы текст песни

Обновлено: 04.10.2024

Билемин тилегиңди өс-өн деген,
Бир жаның мен деп канча көзөлбөгөн.
Апам, ай каруусунда уктап калсам,
Ойготуп аламбы деп жөтөлбөгөн.
Апам, ай апа десем ыргып турган,
Көзүмдөн кандайымды көрүп туйган.
Нан жапса күйгөн жерин өзү алып,
Бышканын, даамдуусун мага сунган.
Айттырган учкан желден саламды улам,
Башкача бабалактап барганымда.
Кийимдин эң жакшысын өзүмө арнап,
Тамактын майлуураагын берген мага.
Эч бир жан мени сендей көтөрбөгөн,
Бир жаның мен деп канча көзөлбөгөн.
Апам, ай каруусунда уктап калсам,
Ойготуп аламбы деп жөтөлбөгөн.

Читайте также: