Айгерим расул кызы песни текст песни

Обновлено: 05.10.2024

Жулуп алып жүрөгүмдүн баарысын,
Узатылып бөтөн уйго бараарсын.
Барган жерден бактылуу болуп жан кызым,
Бакыт жолун издеп бирге табаарсың.
Баш ийемин бабалардын салтына,
Мурас кылып таштап кеткен калкына.
Босогодон аттап чыгаар кезиңде,
Алаксыба карабагын артыңа

Кайырма:
Ыйлаба кызым жар болуп сен турганда,
Ыйлаба кызым кадамыңа гүл салайын.
Ыйлаба кызым, ыйлаба кызым,
Жашка толуп жанарым, ыйлаба кызым,
Бакыт болсун кадамың ыйлаба кызым.

Бакчамдагы жайнап өскөн гүл элең,
Кыйбай сени элжиреген жүрөгүм.
Апакеңдин жүзүн жерге каратпа,
Жараткандан бакытыңды тилеймин.

Бой жетсең да мага дале баласың,
Бөтөн жерде бакытыңды табарсың.
Элчи сымал олтурасың эми сен,
Жакын кылып эки жердин арасын

Читайте также: