Ак койнок кийген бийкеч аккорд

Обновлено: 19.09.2024


Элесиң көз алдымда,
Гитара үнүн уксам.
Унутам бир азга мен,
Нотасын ырдын жазсам.
Унутам бир азга мен,
Ал күндү эске тутсам.

Ал күнү ошол кечте
Гитара үнү коштой.
Ак бийге түшкөн элек,
Ак көйнөк кийген бийкеч.
Ак көйнөк кийген бийкеч,
Келемин сени издеп.
Келсе деп ошол майрам,
Бакыт күн биз жолуккан.

Байкабай калыптырмын,
Жүрөктү жаралапсыз.
Сурабай калыптырмын,
Аты жок калыптырсыз.
Ак көйнөк бийкеч болуп,
Аты жок калыптырсыз.

Ал күнү ошол кечте
Гитара үнү коштой.
Ак бийге түшкөн элек,
Ак көйнөк кийген бийкеч.
Ак көйнөк кийген бийкеч,
Келемин сени издеп.
Келсе деп ошол майрам,
Бакыт күн биз жолуккан.

Ырдаймын ушул кечте,
Жетер деп сүйүүм сизге.
Көрсөңүз эгер мени,
Качпаңыз алыс жерге.
Уксаңыз эгер мени,
Бололу бир аз бирге.

Ал күнү ошол кечте
Гитара үнү коштой.
Ак бийге түшкөн элек,
Ак көйнөк кийген бийкеч.
Ак көйнөк кийген бийкеч,
Келемин сени издеп.
Келсе деп ошол майрам,
Бакыт күн биз жолуккан.
Келсе деп ошол майрам.

Категории: Насип Нурлан Метки: Кыргызские песни, Насип Нурлан

ИНФОРМАЦИЯ ДЛЯ ПРАВООБЛАДАТЕЛЕЙ

Мы не претендуем на упомянутые выше музыкальные произведения. Все права на них принадлежат их многоуважаемым владельцам.

Сервис "Karaokee" это всего лишь поисковик-агрегатор, который по определенным запросам пользователя демонстрирует песни и видеозаписи из открытых интернет источников посредством встроенных в эти интернет источники инструментов и не нарушает правила их пользования.

Читайте также: